Бишкекте бир адамдын өмүрүн алган өрт катталды
Бөлүшүү:
Бишкекте чыккан өрттүн кесепетинен бир киши каза тапты. Бул туралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
19-декабрда саат 05:27де Библиотечная көчөсүндө жайгашкан турак жайдан өрт чыккандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.
Өрт өчүрүүчүлөр өрттү толугу менен саат 08:21де өчүрүшкөн. Окуя болгон жерден адамдын сөөгү табылган, учурда анын өздүгү такталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content9922
Добавить комментарий ×