Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 6-мартта башталып, 6-апрелде бүтөт
Тестирлөөнү билим берүү жана окутуу ыкмаларын баалоо борбору жүргүзөт. Билим берүү министрлиги жарыялаган тендерге жалгыз ушул мекеме катышып, алдыдагы үч жыл 2019-жылга чейин тестирлөө жүргүзүү укугун алган. Быйылкы тестирлөө ушул жылдын 16-майынан 20-майына чейин жүрмөкчү. 2017-жылга баардыгы болуп 5 миң 700 чакты гранттык орун бөлүнгөн. Орточо балл - 115. Абитуриенттер мурдагы жылдардай эле, негизги тестти тапшырышат. Каалоочулар тарых, химия, биология, математика, физика жана англис тилинен тесттен өтүшөт. “Бул жылы катталуу үчүн ар бир абитуриенттен ар бир тест үчүн 320 сом алынат”, - деп билим берүү жана окутуу ыкмаларын баалоо борборунун жетекчиси Валькова билдирүү таратты.
Ссылка: https://barometr.kg/content992
Добавить комментарий ×