КСДП фракциясынын төрагалыгына Атамбаевдин талапкерлиги каралат

19 декабрь 2017 09:45 1121 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстан социал-демократтар партиясы (КСДП) январдын аягында кезектеги курултайга чогулуп, партиянын төрагасы шайланат.

Азырынча партиянын жетектөөгө бир гана талапкер мурунку президент Алмазбек Атамбаев каралып жатканын КСДПнын төрагасынын биринчи орун басары, президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов билдиргенин басылмалар жазды.

“КСДПда башка талапкер жок. Талапкерлердин саны чектелбейт, бирок партиялаштардын ою бир, ал Алмазбек Атамбаев. Башка ой жок”. Белгилесек, КСДП Кыргызстандагы бийликтин партиясы. Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде ага парламенттин мурдагы спикери Чыныбай Турсунбеков жана Фарид Ниязов жетекчилик кылышкан. Бирок Турсунбеков да, Ниязов да партиянын төрагасы болгон эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/content9919



Добавить комментарий