Кулматов бажы кызматында алгачкы кадр алмашууларды жасады
Бөлүшүү:
Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кубанычбек Кулматов, өзүнүн биринчи орун басарлыгына Жеӊишбек Исаковду дайындады. Маалыматты аталган ведомствонун басма сөз кызматынан ырасташты.
Буга чейин да Исаков, 2013-жылдын июлунан 2014-жылдын 25-ноябрына дейре Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп иштеген.
Эске салсак, ушул жылдын 11-декабрында премьер-министр Сапар Исаковдун кол койгон жарлыгына ылайык, Кубанычбек Кулматов Бажы кызматынын төрага кызматына дайындалган.
Ссылка: https://barometr.kg/content9911
Добавить комментарий ×