Президент өкмөт башчы Сапар Исаков менен жолугушту
Бөлүшүү:
Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-декабрда премьер-министр Сапар Исаков менен жолугушту.
Анда президент менен өкмөт башчысы өкмөттүн программасынын негизги багыттарын жана 2018-2040-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиянын долбоорун иштеп чыгуу маселелерин талкуулашты.
Мындан тышкары, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, мыйзам чыгарууну жакшыртуу, калкты социалдык жактан камсыздоо, “Таза коом” улуттук долбоорду ишке киргизүү боюнча пикир алмашышты.
Ссылка: https://barometr.kg/content9903
Добавить комментарий ×