Өлкөдө энелердин өлүмү 41,2%га төмөндөдү

18 декабрь 2017 15:40 699 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда энелердин өлүмү 2014-жылдан 2016-жылга чейин 41,2%га төмөндөдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Белгиленгендей, өлкөнүн түштүк областтары боюнча дагы олуттуу төмөндөө Баткенде байкалган: 68,7%.

«Кыргызстан боюнча бөбөк жана эрте неонаталдык өлүм көрсөткүчтөрү дагы жалпысынан олуттуу төмөндөөгө жетти: 19% жана эрте неонаталдык өлүм 19,5%га ылдыйлады»,-деп билдиришти ведомстводон.

Ссылка: https://barometr.kg/content9900



Добавить комментарий