Бишкекте «Хизб ут-Тахрирдин» лидерлеринин бири кармалды
Бишкекте задержан лидер религиозно-экстремистской организации «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун лидери кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милиция Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл областтарында жашаган «Хизб ут-Тахрирдин» 11 активдүү жумушчусунун үйлөрүнө тинтүү жүргөзгөн. «Анын жүрүшүндө экстремисттик маанидеги түрдүү, бир нече сандагы китептер табылган. Мындан тышкары, аталган уюмдун лидерлеринин бири, 1982-жылы туулган, Ош областынын тургуну, убактылуу Чүйдөгү Беловодск айылында жашап жүргөн К.Н. кармалып, ал Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө абагына киргизилди. Азыркы тапта кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат»,-деп айтылат билдирүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content9892
Добавить комментарий ×