«Ислам мамлекети» террордук топтун башчысы колго түшүрүлдү

18 декабрь 2017 11:49 658 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Америкалык аскерлер "Ислам мамлекети" тобунун лидери Абу Бакра аль-Багдадини кармады. Учурда ал Сириядагы АКШнын базасында жүрөт. Бул тууралуу Yeni Şafak түркиялык гезити жазды.

Басылмадан билдиргендей, аль-Багдади Ирактан кармашкан, андан кийин аны Сириянын түндүк-чыгышындагы Рас-эль-Айн шаарындагы америкалык базага алып келишип, Эль-Хасака шаарынын жанындагы таяныч пунктуна жиберишкен. Лидер менен бирге, аскерлер аталган топтун жети командирин дагы кармашкан, алардын бири Ирактын жараны болгон.

Июнь айынын ортолорунда россиялык Коргоо министрлиги 28-майда Раккадагы кол салуудан кийин аль-Багдади өлүшү мүмкүн деген маалыматты текшерүүгө алган. Кийинчерээк Пентагон аталган террордук топтун башчысы тирүү деп жарыялаган болчу.

Аль-Багдади (чыныгы ысымы: Ибрагим Авад Ибрагим аль-Бадри) алгачкы жолу басылмаларга 2014-жылы чыккан. Ошондо ал Мосулда аталган топ тарабынан курчоого алынган мечиттен Жакынкы Чыгышта «ислам халифатынын» түзүлүшүн жар салган болчу. Ошондон бери жалпыга маалымдоо каражаттары анын жокко чыгарылышын бир нече жолу жазышканы менен ал ырасталган эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/content9883



Добавить комментарий