Кайдыгер карабаган бишкектиктер "Тазалыктын" жумушчуларына ысык тамак жана чай тартуулады
Бишкектиктер жакшы салтты улантып, «Тазалык» ишканасынын жумушчуларына ысык чай берип жатышат. Өткөн ишемби күнү таӊ эртеӊ менен «Ыйман» фондусунун ыктыярчылары жана Cambridge Silk Road мектебинин окуучулары «Тазалык» муниципалдык ишканасынын көчө шыпыргычтарына, жүк ташуучулар жана таштанды ташыган унаанын айдоочуларына ысык чай, бутерброд жана ысык тамак беришти.
Окуучулар мындай саамалыкты дале улантууда жана ар бир ишемби күндөрү алар жумушчуларга тамак тартуулашмакчы.
"Тазалык" ишканасынын кызматкерлеринин жумуш күнү штаттык тартипте уланып жатат. Биринчи май районунда 151 көчө шыпыргыч, 26 жүк ташуучу, 10 жашылдандыруу ишчилери, 11 техника, ал эми Октябрь районунда 10 техника, 106 көчө шыпыргыч, 23 жүк ташуучу, 7 жашылдандыруу жумушчулары, жол-эксплуатация башкармалыгынын 10 жумушчусу, Ленин районунда 143 көчө шыпыргыч, 33 жүк ташуучу, 8 жашылдандыруу жушучулары, 12 техника, Свердлов районунда 121 көчө шыпыргыч, 23 жүк ташыган ишчи, 9 жашылдандыруу жумушчу, 11 техника ишке чыкты.
Бишкек мэриясы ыктыярчылар менен мектеп окуучуларына көрсөткөн камкордуктары үчүн тереӊ ыраазычылыгын билдирет.
Ссылка: https://barometr.kg/content9881
Добавить комментарий ×