Өзүнүн келинине бычак сайып өлтүргөн кайын ата кармалды

18 декабрь 2017 11:04 2731 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алматы областында өзүнүн келинин өлтүргөн деп шектелип 75 жаштагы пенсионер кармалды. Бул тууралуу аймактык Ички иштер департаментинин басма сөз кызматына шилтеме берип басылмалар билдирди.

Окуя Карасай районунун Абай кыштагындагы турак үйдө болгон. Ушул жылы 15-декабрда, бул үйдөн зомбулук белгилери менен жаш аялдын сөөгү табылган.

Алдын ала версияларга ылайык, аял, бычактан алган жаракаттарынан улам каза тапкан, ага жарандын кайын атасы мас абалында бычак сайган.

«Кылмышка шектелип окуя болгон жерден 75 жаштагы пенсионер кармалган. Азыркы тапта бул факт боюнча Кылмыш кодексинин 99-беренесине ылайык иликтөө башталды. Кармалган тургун тергөө абагына киргизилди», – деп түшүндүрүштү тартип күзөтчүлөрү.

Ал эми кылмышка шектүү өзү, спирт ичимдиктерин ичип жаткан учурда аны менен келини ортосунда уруш чыгып кетип, аягы өлүмгө алып келгенин түшүндүрдү.

Полициядан билдиршкендей, маркумдун артында бир кызы калды.

Ссылка: https://barometr.kg/content9878



Добавить комментарий