"Кыз Жибек" тасмасындагы «Төлөгөн» каза тапты

18 декабрь 2017 09:12 2280 Barometr
Бөлүшүү:
ok

73 жаш курагында атактуу актер Куман Тастанбеков дүйнөдөн кайтты. Актердун өлүмү тууралуу кабарды “Казахконцерттин” директору Асхат Маемиров билдиргенин басылмалар жазган.

Куман Тастанбеков «Кыз Жибек» деген тасмада Төлөгөндүн ролун ойногон.

"Куман Тастанбеков бүгүн каза болду. Ал казак маданияты менен искусствосунун өнүгүүсүн ири салым кошкон, ал өз элинин татыктуу уул болчу. Биз Куман аганын дйүнөдөн кайтышына байланыштуу көӊүл айтабыз", - деп жазган Асхат Маемиров.

Белгилесек, Куман Тастанбеков 1945-жылы 10-мартта Покатиловка айылында туулган. Ал 1969-жылы Курмангазы атындагы Казакстан мамлекеттик консерваториянын актердук факультетин аяктаган.  

Ал эми 1968-жылдан тартып Мухтар Ауэзов атындагы Казак академиялык драма театрында эмгектенген. 

Ссылка: https://barometr.kg/content9871



Добавить комментарий