Россияда президенттик шайлоо кийинки жылдын 18-мартына белгиленди

15 декабрь 2017 18:32 692 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россиянын Федерациялар кеңеши президенттик шайлоону 2018-жылдын 18-мартына дайындады. Мындай чечимди 15-декабрдагы жыйынга катышкан парламенттин жогорку палатасынын бардык 160 мүчөсү колдоду.

Федерациялар кеңешинин токтому 18-декабрда жарыяланат. Ал дароо күчүнө кирип, расмий түрдө президенттик өнөктүк башталат.

Май айында Россиянын Мамлекеттик Думасы шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөрдү кабыл алган. Ага ылайык, президенттик шайлоо эмдиги жылы 18-мартка туура келген марттын үчүнчү жекшембисине жылдырган. Буга чейин Россияда президенттик шайлоо марттын экинчи жекшембисинде өтүп келген. 18-мартта өлкөдө Крымдын Орусияга кошулгандыгы тууралуу келишимге кол коюлгандыгынын жылдыгы белгиленет.

Ссылка: https://barometr.kg/content9850



Добавить комментарий