Депутаттар акыйкатчы Оторбаевге жыйынга келбегини үчүн таарынды

15 декабрь 2017 15:54 713 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 15-декабрда, КСДП фракциясынын жыйынында, депутаттар акыйкатчы Кубат Оторбаевге парламентке келбей койгону үчүн таарынды. 

Фракциянын лидери Иса Өмүркулов, жыйындын тартибине ылайык омбудсмен Кубат Оторбаевдин ар жылкы докладын угуу пландалганын белгиледи.

 

"Бирок ал жыйынга келген жок, жана бул биринчи жолу болуп жаткан жок", -деди ал.

 

Депутаттар Оторбаевдин жүрүм-турумуна нааразы болушту. Акыйкатчынын жыйынга катышпаганын алар КСДП фракциясынын депутаттарына болгон урматсыздык деп баалашты. 

"Анын ордуна иштейм деген башка талапкер келиши керек»,-деп сунуштады Мурадыл Мадеминов.


"Эгер ал келгенди каалабаса анда балким биз өзүбүз ага барабыз? Саясий чечим кабыл алууну сунуштайм»,-деди Рыскелди Момбеков.

Депутат Ирина Карамушкина болсо Оторбаевди жактап чыкты. Депутат акыйкатчынын эмнеден улам келе албай калганын териштиргенден кийин чечим кабыл алуу керектигин сунуштады. 

"Оторбаевдин жыйынга келбегени, отчет бербегени баарыбыз үчүн эле жагымсыз экенин түшүнөм. Бирок жарандык сектор аны колдойт", -деп Карамушкина кесиптештерин чакырды.

Бирок эл өкүлдөрү Карамушкинанын мындай пикирин тыӊдаган жок жана акыйкатчынын отчетун канааттандырарлык эмес деп таанууну чечишти.

Ссылка: https://barometr.kg/content9843



Добавить комментарий