Бирдиктүү салык декларацияны кабыл алуунун экинчи этабы башталды

1 март 2017 16:44 447 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мамлекеттик салык кызматы 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясынын экинчи этабын баштады. Бул туурасында МСКнын басма сөз кызматы билдирди. Ушул жылдын 1-апрелине чейин жеке жактар 2016-жылы алынган кирешелери жөнүндө отчетту берүү керек. Ошондой эле экономикалык ишмердиктери, мүлк объектилери жана жер тилкелери тууралуу башка маалыматтарды салык органдарына бериши зарыл. Тактап айтканда, жогоруда белгиленген мөөнөткө чейин Бирдиктүү салык декларацияны мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкү жана жер участогу бар жеке жактар, юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар тапшырууга милдеттүү. Эскерте кетсек, ушул жылдын 1-мартында юридикалык жактар үчүн декларациялык кампаниянын биринчи этабы аяктады. Мамлекеттик салык кызматы маалыматтар иштелип чыккандан кийин Бирдиктүү салык декларацияны тапшыруунун жыйынтыгын чыгарат. Ошондой эле кийинчерээк бул тууралуу коомчулукка толук маалымат берет.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content983



Добавить комментарий