Жалал-Абадда чыккан өрттөн бир адам каза болуп, дагы бирөө жаракат алды
Бөлүшүү:
Жалал-Абад шаарында адам өмүрүн алган өрт катталды.
Кечээ, 14-декабрда, Жамашев көчөсүндө жайгашкан 50 чарчы метрлик аянттагы турак жай толугу менен күйүп кеткен. Өрт өчүрүүчүлөр үйдүн кожоюну, 1950-жылы туулган А.Т. сөөгүн алып чыгышкан.
Маркум менен бирге жашаган жаран денесинен күйүк алып, бейтапканага жаткырылды. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content9820
Добавить комментарий ×