Саюд Маюми араптардын чөлүнө кыргыз боз үйүн тикти
Бөлүшүү:
Жалпы алганда 300 млн калкы бар араб дүйнөсүнө кыргыз маданиятын даңазалоо, таанытуу максатында шейх Саид Баюминин демилгеси менен Сахара чөлүнө экинчи боз үй курулду. Бул тууралуу Катар мамлекетиндеги «кыргыз клаб» уюмунун жетекчиси Азамат Кармышаков билдирди. Өтө кооз жасалган боз үйдүн архитектуралык стилине жана ысыкта ысыктан, суукта сууктан сактоочу касиетине таң калган араб элинин кызыгуусу абдан зор болуп жатат. Саюд Баюминин айтымында, ал араб өлкөлөрүнө анын ичинде Кувейт, Бахрейн, Оман, Бириккен Араб Эмираттарынын бир топ шаарларына кыргыз маданиятын, жашоо турмушун чагылдырган боз үйдү курууну пландап жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content981
Добавить комментарий ×