Баласын ичке тепкен жарандын аялы: “Күйөөмдү аталык укуктан ажыратпагыла”

14 декабрь 2017 18:58 1776 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баланын энеси жолдошун аталык укуктан ажыратпоону суранып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда парламенттин жыйынында депутат Наталья Никитенко билдирди.

Эл өкүлү атасы ичке тепкен наристенин апасы күйөөсүнө коюлган кинелерден баш тартып, аны жазага тартууга каршы болуп жатканын айткан.

Ал эми Социалдык өнүгүү башкармалыгынын жетекчиси Рейна Султанмуратова: «Баланын энеси кайра ойлонуп, жолдошун жазага тартпоону жана аны аталык укуктан ажыратпоону өтүндү. Апасынын айтымында, бала атасын сагынып куса болуп жүрөт»,-деген.

Буга карабастан депутат Наталья Никитенко, баланын атасын жазасыз калтырбоону өтүнүп Ички иштер министрлигине кайрылды.

Эске салсак, буга чейин 2-декабрда, Бишкекте күбөлөр эркек киши кичинекей карддын үстүндө жаткан кичинекей баланы ичке тээп жатканы видеого тартып алышкан. Кийинчерээк анын мамлекеттик органдарда иштегени, баланын атасы экени маалым болуп, ага карата кылмыш иши козголгон.

Депутат кошумчалагандай, акыркы убактарда балдардын суициди өсүп жатат. Мындай маселени профилактика жүргүзүү аркылуу чечсе болот.

Ссылка: https://barometr.kg/content9807



Добавить комментарий