Биометрикалык паспортту 31-декабрга чейин бекер алса болот
Бөлүшүү:
Мамлекеттик каттоо кызматы, 2017-жылдагы үлгүдө жаӊы электрондук биометрикалык ID-карттарды акысыз даярдоо ушул жылдын 31-декабрына дейре улантылат деп жарандардын эсине салат. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.
Эске салсак, Мамлекеттик каттоо кызматы ушул жылдын 2-майынан тартып, идентификациялык карталарды бекер даярдоо үчүн документтерди кабыл алууну баштаган. Жараксыз же жоготуу, тез арада даярдоого акы төлөнөт.
"Жарандар жаӊы айдикарт-паспортту алуу үчүн документтерин ушул айдын аягына дейре тапшырса болот»,-деп билдиришти ведомстводон.
Бул документ жаӊы. Жаӊы паспорттор анда орнотулган микрочип менен айырмаланат.
Ссылка: https://barometr.kg/content9802
Добавить комментарий ×