Кыргызстанда түрмөдөн чыккан жарандарда туберкулез дарты кездешет

14 декабрь 2017 16:55 706 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бул тууралуу депутат Айсулуу Мамашова билдирди.

Депутат, эмне себептен түрмөдөгү эркинен ажыратылган жарандар медициналык кароодон өтпөй турганына кызыкты.

Депутаттын айтымында, 2015-жылы өлкөдө туберкулез менен ооруган 800 бейтап катталган, ал эми быйылкы жылы болсо алардын саны бир миӊден ашкан.

2016-жылдын жыйынтыгы боюнча, туберкулез дартына каршы күрөшүү үчүн бөлүнгөн 100 миллион сом тиешелүү орган тарабынан өздөштүрүлгөн эмес жана ал каражаттар бюджетке кайтарылган. Ушундай эле жагдай быйылкы жылы да кайталанды, 34 миллион сом өздөштүрүлгөн жок.

«Каржылоону туура пайдаланылганда эбак эле өлкө боюнча фтизиатрия борборлору оӊдоодон өткөрүлмөк», - деди депутат

Ссылка: https://barometr.kg/content9800



Добавить комментарий