Депутат: «Түштүккө күйүүчү-майлоочу майды темир жол аркылуу жеткирсе 50 тыйынга арзан болот»

14 декабрь 2017 15:22 1131 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Парламент депутаты Зиядин Жамалдинов («Өнүгүү-Прогресс»), күйүүчү-майлоочу майларды түштүк аймакка жеткирүүнү кантип 50 тыйынга арзандатуу керектигин тапты.

Ал парламенттин жыйынында белгилегендей, темир жол маселеси боюнча Өзбекстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү зарыл. «Эгер майларды түштүк аймакка темир жол аркылуу өткөрсө анда 50 тыйынга арзан түшөт», - деп сунуштады Жамалдинов.

Депутат, Өзбекстан менен алакалар жакшырганына карабастан, азыркыга чейин темир жол маселеси ачык бойдон калууда деп кошумчалады.

«Бишкек-Ош автожолунда канчалаган, анын ичинде түштүккө күйүүчү майларды ташыган унаалардын катышуусунда жол кырсыктары болуп жатат»,-деди эл өкүлү.

Ссылка: https://barometr.kg/content9796



Добавить комментарий