Францияда президентке карай ок атылды
Бөлүшүү:
Францияда Президент Франсуа Олланд Вильоньон шаарындагы жаңы темир жол участкасынын ишке берилишине байланыштуу салтанатта полициянын көзгө атары кокусунунан ок чыгарып алып, эки киши жардар болду. Көзгө атар салтанат өтүп жаткан жерден жүз метрдей аралыкта, үйдүн чатырында болгон. Айрым маалыматтарга караганда анын буту тайгаланып кетип, машаны басып алган. Жергиликтүү басылмалар темир жолдун бир кызматкери жана официант бутунан жеңил жаракат алганын жазды. Кабарларга караганда ок атылгандан кийин Президент сөзүн токтотуп, кырдаал жайгарылгандан кийин кайра уланткан. Окуя болгон жерде ызы-чуу болуп кеткен жок деп жазды жергиликтүү басылмалар.
Ссылка: https://barometr.kg/content979
Добавить комментарий ×