Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын Олий Мажлисинин төрагасы менен жолугушту
Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 14-декабрда, Өзбекстан Республикасына жасаган расмий сапарынын алкагында Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Төрагасы Нурдинжон Исмоилов менен жолугушту.
Президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен кечээки жолугушуулар жогорку деңгээлде өткөндүгүн белгилеп, сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттануусун билдирди.
“Биз көп маселелер боюнча тил табыштык. 2017-жыл эки өлкөнүн мамилелеринде бурулуш жыл болуп, стратегиялык өнөктөштүккө негиз түздү. Биз ошондой эле парламенттер аралык кызматташууга кызыктарбыз”, -деди Жээнбеков.
Мамлекет башчысы Кыргызстан Өзбекстан делегациясы Бишкекте өткөн Түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттик ассамблеясынын кезектеги отурумуна мейман катары келгенин көрүп, кубанычта болгондугун белгиледи.
Ал эки өлкөнүн чек арага канатташ райондордун жашоочулары чек ара маселелеринин чечилиши тууралуу кабарга кубанып, көздөрүнө жаш алгандыгын дагы бир ирет баса белгиледи. Калган участоктор боюнча жумуштар улантыла берет.
“Биз акыркы бир жылдын ичинде чейрек кылымдан бери чечилбей келе жаткан маселелерди чече алдык. Алмазбек Атамбаевдин жана Шавкат Мирзиёевдин саясый эрки менен жылдап чогулган маселелер чечилди. Биз президент Шавкат Мирзиёев менен жогорку деңгээлде гана эмес, өлкөлөрүбүздүн облустары, министрликтери жана ведомстволору ортосунда дагы мамилелерди тереңдетүүгө белсенип турабыз”, -деди Сооронбай Жээнбеков.
Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Төрагасы Нурдинжон Исмоилов Президент Сооронбай Жээнбековго Өзбекстандын парламентарийлери менен жолугушуусу үчүн ыраазычылык билдирди.
“Биз Өзбекстанда Кыргызстан Жогорку Кеңешинин Төрагасы коллегабыз Дастанбек Жумабековду күтөбүз. Биз парламенттер аралык кызматташууну тереңдетүүгө багыт алдык. Бул иш анчалык оор эмес, анткени эки өлкөнүн жогорку жетекчилиги мамлекеттер ортосундагы мамилелерди тереңдетүүгө каалоосу бар. Бир жылда Кыргызстан менен Өзбекстан мамилелерде чоң секирик жасады деп, Сиз туура айттыңыз. Биздин ата-бабалар биримдикте жана ынтымакта жашашкан. Биз алардын жолун улашыбыз керек. Биз достукту чыңдап, бири бирибизди колдоого тийишпиз. Биздин депутаттык корпус ар тараптуу кызматташууга даяр”, -деп сөзүн аяктады Нурдинжон Исмоилов.
Ссылка: https://barometr.kg/content9780
Добавить комментарий ×