Бишкек жана Чүйдө жүргүзүлгөн рейдде жалпы 3011 укук бузуулар аныкталды
Бишкекте жана Чүй областында коопсуз жол кыймылын камсыз кылуу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу ИИМ Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
12-декабрда, аталган кызматтын кызматкерлерине, коомдук аялдамаларда токтотуу эрежелерин бузуу, унаалардагы айнектерди тонировкалоо эрежелеринин сакталбагандыгы, автотранспортту мас абалда башкаруу фактыларын аныктоо тапшырмасы берилген.
Мындай иш-чаралардын жыйынтыгында төмөнкүдөй административдик укук бузуулар аныкталган:
- Транспорттуу мас абалда башкаруу –34;
- Каршы тарапка чыгуу, унааны озуп кетүү, маневрдөө, жол белгилеринин талаптарын, унаа токтотуу эрежелерин сактабагандык - 1499;
- Ылдамдоо режимин жогорулатуу – 239;
У унааны башкарууда коопсуздук курларды тагынбоо - 568;
- Транспорт каражатын башкаруу учурунда айдоочунун сүйлөшүү түзүмдөрүн колдонушу – 562;
- Тонировкалоо – 25;
- Мамлекетик номер белгини өз эркинече чечип салып айдоо – 24;
- Жасалма мамлекеттик номерди колдонуу – 37;
- Документи жок унааны башкаруу – 23;
- Атайын айыппул төлөнүүчү унаа токтото турган жайга 155 автоунаа киргизилди.
Жалпысынан 3011 административдик укук бузуу аныкталган.
Ссылка: https://barometr.kg/content9773
Добавить комментарий ×