Ысык-Көлдө турак жайдан чыккан өрттөн үйдүн ээси каза тапты
Бөлүшүү:
Кыргызстанда бир сутка ичинде, же 13-декабрдан 14-декабрга караган күнү 8 өрт катталды. Бул тууралуу КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Ысык-Көл областындагы Булан-Сөгөтү айылында Ленин көчөсүндө жайгашкан турак жайдан өрт чыгып, анын кесепетинен үйдүн кожоюну, 1974-жылы туулган В.В.В. каза тапты. Өрт учурунда 9 чарчы метрлик дубал, одеял, отургучтар, стол күйүп кеткен. Учурда өрттүн себеби такталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content9772
Добавить комментарий ×