Абдил Сегизбаев, УКМКнын Төрагасы: “Текебаевдин иши боюнча бир нече адамдар суралган”
Бөлүшүү:
Мындай сөздү Жогорку Кеңештин депутаттарына жооп берип жатып УКМКнын Төрагасы Абдиль Сегизбаев билдирди. “ Текебаевди кармап келүү операциясы жүрүп жаткан учурда бир нече мыйзам бузуулар болуп жатты. Мисалы анын тарапташтары жолдорду бууп, жатышты. Депутат болобу жөнөкөй жаран болобу мыйзамдын алдында бирдей. Биз ага колдон келишинче аяр мамиле кылып жаттык. Ага эч кандай күч колдонулган жок. 11 саат тынымсыз сурак болду деген жалган. Биз баардык мыйзам чегинде кылдык. Мыйзамда жазылгандай кылдык. Эс алып жооп берип жатты” –деп айтты.
Ссылка: https://barometr.kg/content977
Добавить комментарий ×