"Аю" компаниясы Kyrgyz Cola суусундугун чыгарды
Бөлүшүү:
"Аю" компаниясы кыргыз коласын чыгарды. Бул тууралуу социалдык тармактардагы баракчасында ишкананын вице-президенти Балбак Түлөбаев билдирди.
Кола суусундугу – таттуу газдалган, курамында кофеинди камтыган суусундуктар түрүнө кирет. Анын ысымы, алгач өндүрүүчүлөр тарабынан суусундук кофеиндин булагы катарында колдонулган коланын жаӊгактарынан келип чыккан.
Түлебаев жаӊы продукциянын сүрөтүн жарыялады.
Анда «Аю» өндүргөн кола Сосо-Соlla компаниясынын суусундуктарынан, шишенин этикеткасында кыргыз улуттук чиймелер тартылгандыгы менен айырмаланып турат. Суусундук Kyrgyz Cola деп аталды.
Ссылка: https://barometr.kg/content9766
Добавить комментарий ×