Сооронбай Жээнбеков расмий сапар менен Өзбекстанга келди
Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 13-декабрда расмий сапар менен Өзбекстан Республикасына келди.
И.Каримов атындагы “Ташкент” эл аралык аэропортунда президент Сооронбай Жээнбековду Өзбекстан Республикасынын премьер-министри Абдулла Арипов, Өзбекстан Республикасынын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов, Өзбекстан Республикасындагы Кыргызстандын Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Данияр Сыдыков тосуп алышты.
Ардактуу кароолдун ротасы тизилип, эки өлкөнүн желектери илинген.
Расмий сапардын алкагында президент Сооронбай Жээнбеков Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев менен тар курамда жана кеңири форматта жолугушуусу пландаштырылган, анын жыйынтыгы менен бир катар документтерге кол коюлат. Мындан тышкары мамлекет башчылары биргелешкен билдирүү жасашат.
Ссылка: https://barometr.kg/content9745
Добавить комментарий ×