НТС телеканалынын алып баруучусу Канышай Рысбекова турмушка чыкты

13 декабрь 2017 14:09 1875 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 12-декабрда, Бишкектеги “Фрунзе” ресторанында НТС телеканалынын алып баруучусу Канышай Рысбекованын заманбап үлпөт тою болду. Бул тууралуу социалдык тармактардагы интернет колдонуучулар билдиришти.

Теле алып баруучу Нурлан аттуу жигитине турмушка чыкты.

Канышай тойдо гүлдөр менен кооздолгон ак түстөгү үлпөт көйнөк кийген. Анын колундагы букет ачык кызыл розалардан жасалган.

Белгилесек, НТС каналында таӊкы программаны алып барган Канышай Рысбекова соцтармакта абдан популярдуу. Инстаграммда эле анын баракчасына 40 миӊден ашуун киши жазылган.

Ссылка: https://barometr.kg/content9739



Добавить комментарий