Россияда кыргызстандык үй-бүлөдө төрөлгөн ымыркайдын өлүмү иликтенүүдө

13 декабрь 2017 13:57 1121 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россияда Кыргызстандан барган мигранттардын үй-бүлөсүндө төрөлгөн ымыркай чарчап калды. Бул тууралуу россиялык кабарлар порталы жазды.

Иликтөөчүлөр менен дарыгерлер Красносельск районунда наристенин кокустан болгон өлүмүнүн себептерин териштирип жатышат.

"Оперативое прикрытие" кабарлар агенттиги билдиргендей, 2017-жылы туулган ымыркайдын жансыз денеси кечээ, 12-декабрда саат 15:30дарда №4 батирден табылган. Окуя болгон жерге келген дарыгерлер, алгачкы текшерүү жүргүзүп жатып, бала асфиксия (өпкөсүнө аба жетпей калган), башкача айтканда деми кыстыгып өлгөн деп болжошууда. Ымыркайдын эмнеден улам каза болгонун аныктоо үчүн анын сөөгү моргго жиберилди.

 

"Батир профилактикалык учетто турбайт. Наристенин ата-энеси кыргызстандыктар (34 жаштагы апасы жана 25 жаштагы атасы), экөө теӊ расмий түрдө эч жерде иштебейт", - деп айтылат билдирүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content9738



Добавить комментарий