Балыкчыда станокко кыпчылып калган тургун каза болду
Бөлүшүү:
Ысык-Көл областындагы Балыкчы шаарында кырсыктын кесепетинен жаран каза тапты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Кечээ, 12-декабрда, саат 16:10до Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучуларына, Пржевальск көчөсүндөгү пескоблок чыгарган станок 1970-жылы туулган С.К. аттуу тургунду басып калган деген маалымат келген. Куткаруучулар станоктон тургундун сөөгүн алып чыгып, милиция кызматкерлерине тапшырган.
Ссылка: https://barometr.kg/content9730
Добавить комментарий ×