Дональд Трамптын бир күндө канча шише кола ичери белгилүү болду

12 декабрь 2017 17:52 1550 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Америкалык президент диеталык газдалган суусундукту тандайт. Барак Обамадан айырмаланып, Трамп саламат жашоо образына кайдыгер карайт. The New York Times билдиргендей, президент бир күндө 12 шише диеталык кола ичип турат.

Ал эми дарыгерлер болсо газдалган суусундуктарды мындай көлөмдө ичүү адамдын организмине олуттуу зыян алып келет деп эсептейт. Изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, кола суусундугун ашыкча ичүү териге терс таасирин тийгизет, маанай бузулушуна, салмак кошууга, жүрөк оорусунун жогорулашына, кант диабетинин көтөрүлүшүнө алып келет. Ошондуктан газдалган суусундуктарды мындай өлчөмдө ичүү абдан коркунучтуу.

Ссылка: https://barometr.kg/content9718



Добавить комментарий