Киевде сот Михаил Саакашвилини камоодон баш тартты

12 декабрь 2017 09:51 705 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Киевде сот Грузиянын мурунку президенти, Украинанын Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвилини үй камагына алуудан баш тартты. Мындай жол менен прокуратуранын доо арызы четке кагылып, саясатчы бошотулду.

Украина бийлиги Саакашвилини "мурдагы президент, Орусияга качып кеткен Виктор Янукович башында турган кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө көмөк көрсөтүп, алардын кылмыштарын жашырган" деп айыптап жатат. Саакашвили бул дооматтарды четке какты.

Белгилесек, Саакашвили Киевде 8-декабрда кармалып, Коопсуздук кызматынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ссылка: https://barometr.kg/content9690



Добавить комментарий