Алмазбек Кененбаев Бишкек шаардык кеӊешинин төрагасы болуп шайланды

11 декабрь 2017 14:56 457 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаардык кеӊешинин төрагалыгына Алмазбек Кененбаев шайланды.

Жыйындын жүрүшүндө көпчүлүк коалициясы КСДП фракциясынын лидери Алмазбек Кененбаевдин талапкерлигин сунуштады.

Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча, Кененбаевдин талапкерлигине 25 депутат макул, ал эми 13 эл өкүлү каршы деп добуш беришкен, үчөө добуш берген эмес. Добуш берүүгө жалпы 41 депутат катышкан.

Регламентке ылайык, макул деп 23төн көп эл өкүлү добуш бериши керек.

Алмазбек Кененбаев буга чейин да, өткөндөгү XXVI чакырылышында шаардык кеӊештин төрагасы болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/content9661



Добавить комментарий