Аксы районунда турак үй өрттөнүп, тургун каза тапты
Бөлүшүү:
Жалал-Абад областындагы Аксы районунда чыккан өрттөн эркек киши каза болду. Бул тууралуу КРдын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Белгилесек, кечээ, 10-декабрда, Кызыл-Жар кыштагында аянты 128 чарчы метрди түзгөн турак жай толугу менен күйүп кеткен. Окуя болгон жерден 1970-жылы туулган эркек адамдын күйүк жансыз денеси табылган. Учурда өрттүн себеби такталууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content9640
Добавить комментарий ×