Кытайда дүйнөдөгү эӊ бийик жыгач мунара күйүп кетти
Бөлүшүү:
Кытайда жыгачтан жасалган дүйнөдөгү эӊ бийик курулуштардын бири болгон мунара өрттөнүп кетти. Өрт Сычуань провинциясынын түштүк-батышындагы кечил комплексинде чыккан. Мунараны сактап кала алышкан эмес. Видеодон жалын каптаган жыгач имарат кыйрап жатканын көрүүгө болот.
CGTN берген маалыматына ылайык, 16 кабаттуу мунара Азиядагы эӊ эле бийик курулуш эсептелчү. Өрттү өчүрүү үчүн болжол менен төрт сааттай убакыт кеткен. Мындан тышкары, жалын эки кабаттуу сыйынуу залын дагы каптаган. Өрт эмнеден улам чыкканы азырынча белгисиз. Курман болгондор тууралуу маалымат жок.
Ссылка: https://barometr.kg/content9629
Добавить комментарий ×