Сахароводон 16 мигрант Кыргызстанга депортацияланды

9 декабрь 2017 13:13 889 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москва шаарындагы иш сапарынын алкагында Сахароводогу чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу атайын мекемеде кармалып турган 44 кыргызстандык мигранттын 16сы Кыргызстанга депортацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын мыйзамын бузду деген кине тагылган жарандарга укуктук жардам көрсөтүлгөн. Калгандары азыр да ошол мекемеде кармалууда.

Буга чейин акыйкатчы Оторбаев чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу атайын мекемедеги мекендештеринин жашоо шарты жана абалы менен таанышкан эле. Бул жайда алгач 76 кыргызстандык кармалып турганы айтылса, кийин алардын саны 44 экени белгилүү болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/content9614



Добавить комментарий