Алты жаштагы кызга тийишкен пенсионер изделип жатат
Бөлүшүү:
Казакстанда Руднойдо полиция 6 жаштагы кызга асылып жабышкан пенсионерди издеп жатат. Бул тууралуу басылмалар жазды. Окуя 7-декабрда болгон. Казакстандын Ички иштер департаментинен билдиришкендей, 41 жаштагы аял белгисиз бирөө анын алты жаштагы кызына тийишкен.
Полиция 65 жаштагы шектүүнүн өздүгүн аныктаган. Учурда аны кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.
«Жаш балдарды бузукулукка үйрөтүү» беренеси боюнча сотко чейинки иликтөө башталды.
Ссылка: https://barometr.kg/content9613
Добавить комментарий ×