Кабул шаарындагы жардыруудан эки киши мерт кетти

8 декабрь 2017 17:41 518 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Афганистандын борбору Кабул шаарында жардыруу болду. Анын кесепетинен эки киши каза таап, алты жаран жабыркады. Бул тууралуу Tolo News телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, жума күнү күндүз Кабулдагы базарлардын биринде жардыруу болгон. Азырынча террорчу топтордун бири дагы окуяга жоопкерчилик алган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/content9594



Добавить комментарий