Ала-Тоо борбордук аянтында өлкөнүн негизги балатысын орнотуу иштери жүрүп жатат

8 декабрь 2017 17:20 836 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте Ала-Тоо борбордук аянтында, шаардык кызматтардын кызматкерлери тарабынан, өлкөнүн негизги жаӊы жылдык балатысын орнотуу, ага улай шаардын көчөлөрүн жасалгалоо боюнча иштер жүрүүдө.

Балатынын бийиктиги 25 метрди түзөт, ага 1 миӊден ашуун оюнчук жана 40 миӊдей жарык берүүчү гирлянда тагылат. Азыркы этапта балатынын конструкциясы монтаждалып, балатыга 2400 арчанын дарагын карматуу иши аткарылды.

Өлкөнүн башкы балатысын жандыруу салтанаты 15-декабрда (саат 19:00дөн 21:00гө чейин) пландалууда.

Ошондой эле Эркиндик булвары, Чүй проспектиси, Жаштар аллеясы, Ала-Тоо борбордук аянты жана Курманжан Датканын эстелигинин аймагы жарык берүүчү конструкциялар менен жасалгаланат.

Бишкек шаардык мэрриясынын муниципалдык администрациялары жана шаардык кызматтары тарабынан, борбордук көчөлөр, соода түйүндөрү кечки жана күндүзгү майрамдык жасалгалоолор менен кооздолот.

Шаар боюнча жалпы 15 балаты орнотулат. Кыргыз улуттук филармониянын алдына 18 метрлик, ал эми Жеӊиш аянтында 15 метрлик балаты коюлат.

19-декабрда Панфилов атындагы сейил бакта жаӊы жылдык балаты орнотулат.

Шаарды кооздоо боюнча мындай иш-чараларды 15-декабрга дейре аяктоо пландалып жатат.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9593



Добавить комментарий