Москвада кыргызстандык жаранды унаа сүзүп кетти

8 декабрь 2017 15:35 911 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Москва шаарында кыргызстандык жаранды автоунаа сүзүп кетти. Полиция кызматкерлери болсо бул ишти токтотуп салууга аракет кылууда. Бул тууралуу соцтармактагы баракчасына колднуучу, ырчы жана актриса Чынара Дооранова жазган.

Маалымдалгандай, Москвада Россиянын жараны унаасы менен кыргызстандык тургунду коюп, изин жашырып кеткен.

"Москвада Кыргызстандын элчилигинде биздин кызматкерлер барбы? Чет өлкөдөгү жарандарыбыздын укугу качан корголот? Күнөөлүү ооруканада жаткан жабырлануучуга бир дагы жолу келген эмес", - деп нааразы болду ал.

Кыргызстандын Москвадагы элчилиги окуяга азырынча түшүндүрмө бере элек.

Ссылка: https://barometr.kg/content9588



Добавить комментарий