2018-Кышкы олимпиада оюндарында Кыргызстан оюндун эки түрү боюнча таанытылат

8 декабрь 2017 15:06 799 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2018-жылдагы Кышкы олимпиада оюндарында Кыргызстан оюндун эки түрү: тоо лыжа спорту жана биатлон менен чыгат. Биринчи түрү боюнча Евгений Тимофеев катышууга лицензия алды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов, Түштүк Кореянын элчиси Джонг Бенг Ху менен жолугушууда билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын спортчулары алдыдагы оюндарга кызуу даярданып жатышат. Кыргызстандык тоо лыжачылар Швейцария менен Австриядагы окуу-машыгуулардан, ал эми биатлонисттер Россиядан окуудан өтүп жатышат.

Белгилесек, XXIII Кышкы олимпиада оюндары 2018-жылы 9-25-февраль күндөрү түштүк кореялык Пхенчхен шаарында өтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/content9587



Добавить комментарий