Бишкекте ТүркПАнын жыйыны өтүүдө

8 декабрь 2017 14:46 585 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте бүгүн, 8-декабрда, Түрк тилдүү мамлекеттердин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кеӊешинин жыйыны өтүүдө. Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ТүркПАнын кеӊеши, Казакстан ассамблеяга төрагалык кылууну Кыргызстанга өткөрүп берүү салтанатынан башталды.

Белгилесек, аталган ассамблея – бул түрк тилдүү өлкөлөрдүн парламенттер аралык кызматташуу коомчулугу, ага Кыргызстан, Азербайжан, Түркия жана Казакстан кирет.

Бишкектеги ассамблеянын жыйынына ошондой эле, байкоочу катарында Венгриянын өкүлү жана ардактуу конок катары Өзбекстандын парламенттик делегациясы катышып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content9586



Добавить комментарий