Дин аалымдары Орусияда жолугушуу өткөрүп жатат
Бөлүшүү:
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын Аалымдар кеңешинин өкүлдөрү Сургут, Нижневартовск, Ханты-Мансийск шаарларындагы мекендештер менен жолугушууларды өткөрүшөт. Бул тууралу Муфтияттан кабарлашты. Дин башкармалыгынын Россия, Урал, Сибирь жана Ыраакы Чыгыш аймактары боюнча өкүлү Сүйүнбек ажы Жусубалиевдин чакыруусу менен Аалымдар Кеңешинин төрөгасы Абдишүкүр ажы Нарматов жана Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов алгач Сургут шаарынын муфтийи менен жолугушту. Андан соң ал жактагы мекендештерге кезигип, алардын суроолоруна жооп беришти.
Ссылка: https://barometr.kg/content958
Добавить комментарий ×