27 жаштагы тургун өз унаасында тирүүлөй күйүп кетти

8 декабрь 2017 13:01 1675 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстанда Актау – Жанаозен автожолунда катуу жол кырсыгы катталды. Анда жеӊил унаа менен жүк ташуучу автоунаа бет маӊдайы менен кагылышып, анын кесепетинен эки унаа теӊ өрттөнүп кетти. Бул тууралуу КТК билдирди.

Белгилүү болгондой, жеӊил автоунаа май куюуучу жайдан жолдун каршы тарабына чыккан учурда алдында келаткан жүк ташыган унаа менен кагылышкан.

Жеӊил автоунаанын 27 жаштагы айдоочусу жалын каптаган унаанын ичинен, эшиктери бекилип калып чыга албай калган. Натыйжада, өрт өчүрүүчүлөр келгенче, эки транспорт теӊ күйүп кеткен.

Жүк ташуучу унаанын 25 жаштагы айдоочусуна медициналык текшерүү керектелген эмес.

Учурда полиция окуя боюнча териштирүү жүргүзүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content9579



Добавить комментарий