Репродуктолог: 50дөн өткөн эркектин уругунда мутация топтолуп, түйүлдүккө терс таасирин берет

8 декабрь 2017 12:35 2021 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Илимий кызматкерлер кайсы учурда эркектер балалуу болууга ылайыктуу шарт түзүлөрүн изилдеп чыгышты.

Эмбриондогу клеткалардын жай өсүүсү, 50дөн өйдө курактагы аталардын уругуна байланыштуу. Бул курактагыларда түйүлдүктүн өнүгүүсү 35%га жай жүрөт. Окумуштуулар, курагы 50дөн ашкан эркектерден бойго бүтүрүлгөн түйүлдүктөр, бластоцист стадиясында болуп, андан улам эмбрион маткага 4,3%га кеч бекемделет деген мыйзам ченемдүүлүктү аныктады.

Мындай жыйынтыктар, 527 гетеросексуалдык жубайлардагы 3532 эмбриондордун калыптануусу түшүрүлгөн видеороликтерди изилдөөдө белгилүү болгон.

Weill Cornell Medicine медициналык борборунан, жаш өткөн сайын эркектердин уругунда мутациялар топтоло баштайт деп ырасташты. Мындан тышкары, клеткаларда өзгөчө сандагы хромосомалар көбөйө баштайт. Ошон үчүн бул учурда эмбрион ар кандай патологияларга дуушар болушу мүмкүн.

Репродуктологдор, 25-55 жашка чейинки адамдардан турган жети топко изилдөө жүргүзүп көрүп, көбүнчө 55тен жогорку курактагы эркектерде кемтиктер аныкталганын айткан.

Коомдо болсо эркектер шашпай, каалаган курагында үйлөнүп, саламаттыгы бекем балдарды төрөтө алат, аялдар болсо биологиялык жаш курагын өткөрбөй эрте төрөшү керек деген түшүнүк кеӊири жайылган. Бирок америкалык окумуштуулар бул «жомокту» четке кагып, эркектердин дагы өзүнүн «биологиялык сааты иштеп турат» деп ырастап, андыктан түйүлдүктүн толук кандуу өсүшүнө зыян келтирбөө үчүн эркектер өз учурунда балалуу болушу шарт дешет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content9578



Добавить комментарий