Сыймык Бейшекеев Америкада кимге нике шакек белекке берди?

8 декабрь 2017 12:03 3274 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү ырчы Сыймык Бейшекеев Америка мамлекетине кетип, шаарларын түрө кыдырып жүрөт. Barometr.kg ге билдиргендей, ырчы ал жакка концерт коюп барган жок, жөн гана жубайы менен эс алууга барды.

Алгач алар Чикагодогу иниси Уландын жаңы алган үйүндө конокто болушту. Андан кийин Майамидеги өкүл бала, өкүл кызына конокко барышты.

Өкүл балдары боюнча: “Өкүл балам Бакай жана өкүл кызыбыз Айгүлдүн чакыруусу менен Майаминин да тузун таттык. Бир күн сууга түшүү менен аяктап, чарчап, бутумду сүйрөп отельге келдим. Аялзаты чарчаганда дүкөн кыдырып эс алат тура, жубайым дүкөнгө кетти. Өкүл бала, өкүл кыздарга байбыз. Бул жактагы биздин 40-өкүл уул-кызыбыз Мирлан менен Алтынайга да жолуктук. Алар дагы шаар көргөзүп, конок кылышты. Алардын үйлөнүү тоюна бара албай калганбыз, анан аларга атайын арналып жасаткан нике шакекти белек кылып, батабызды бердик”,- дейт Сыймык Бейшекеев.

Бир айга эс алууга кеткен Сыймык Бейшекеевге биз дагы жакшы эс алуу, ийгилик каалайбыз!  

Ссылка: https://barometr.kg/content9577



Добавить комментарий