Эрдоган Путин менен АКШнын Иерусалим боюнча чечимин талкуулайт
Түркиянын президенти Реджеп Тайип Эрдоган, Владимир Путин менен, Вашингтондун Иерусалимди Израилдин баш калаасы деп таануу чечимин талкуулайт. Бул тууралуу ал Грецияга болгон сапарынын алдында билдирди.
"Бүгүн кечинде же эртеӊ эртеӊ менен мен Рим Папасы менен, ошондой эле Путин мырза менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөм. Иерусалим маселеси мусулмандар эле эмес, христиандарга дагы тиешелүү", - деди Эрдоган A Haber түрк телеканалынын түз эфири учурунда.
АКШ президентинин Иерусалимди Израилдин баш калаасы деп таануу чечимин Түркиянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) айыптады.
"АКШ администрациясынын Иерусалимди Израилдин борбор шаары деп таануу деген жоопкерчиликсиз билдирүүсүн айыптайбыз. Мындай чечим аймактагы туруктуулук жана тынчтык үчүн терс натыйжаларды алып келет. АКШнын администрациясын мындай ката чечимди карап чыгууга чакырабыз", - деп айтылат Түркиянын ТИМ билдирүүсүндө.
Ссылка: https://barometr.kg/content9572
Добавить комментарий ×