Өзбекстанда автозаводго Ислам Каримовдун ысымы ыйгарылды

8 декабрь 2017 10:25 485 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстандын Асака шаарындагы автомобиль заводуна Ислам Каримовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы кабарлады. Тиешелүү токтомго Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев кол койду.

Мындан тышкары заводдун аймагында мамлекеттин биринчи лидерине арналган мемориалдык комплекс түзүлдү. Анда «Ислам Каримов жана Өзбекстандагы автомобиль өнөр жайынын өнүгүшү» деген темада туруктуу музей-көргөзмө иштеп баштады.

Анжиян облусундагы Асака районундагы автомобиль заводу ички рынокту унаалар менен камсыз кылбастан, өзүнү продукцияларын экспорттоп да келет.

Былтыркы жылы Асакадагы завод 20 жылдык мааракесин белгилеген.

Ссылка: https://barometr.kg/content9568



Добавить комментарий