Көмүрдү жогору баада сатып жатышабы? Түз байланышка чыгыӊыз
Бөлүшүү:
"Көмүрдүн жогорулаган баалары тууралуу түз линияга чалууга болот", - деп билдирди бүгүн, 8-декабрда, соцтармактагы баракчасында өкмөт башчынын кеӊешчиси Гулнура Торалиева.
Анын билдирүүсүндө, өкмөткө көмүрдүн баасы көтөрүлгөнү боюнча маалыматтар көп келип жатат.
"Буга байланыштуу өлкөнүн бардык аймактарында түз байланыш линиялары уюштурулду, ага жарандар бардык фактылар тууралуу кабарласа болот»,-деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, буга чейин 16-ноябрда, премьер-министр Сапар Исаков Кыргызстандын аймагындагы көмүргө карата бааларды мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөгү өкмөттүн токтомуна кол койгон.
Өкмөт көмүрдүн бир тоннасын 3500 сомдон жогору сатууга тыюу салган.
Ссылка: https://barometr.kg/content9562
Добавить комментарий ×