Бишкекке баасы 1 миллион долларды түзгөн гуманитардык жардам келди

7 декабрь 2017 17:00 585 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Улуттук онкология жана гематология борбору менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна америкалык дарыгерлерден 1 млн 187 миӊ доллар суммасына гуманитардык жардам келди.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна келген гуманитардык жүк 554,561 долларга, ал эми Онкология борборуна келген жүк 632,470 долларга бааланды.

Анда шприц, бинттен баштап хирургиялык аспаптарга чейин бар. Кийинки жылы медициналык жабдыктардын экинчи траншын жеткирүү күтүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content9556



Добавить комментарий